Ссылки доступа

Казакстан Ооганстандагы бардык тараптарды бийликтин тынч транзитин камсыздоого чакырды


Нур-Султан “Ооганстандагы абалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууда”. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин 19-августта жарыялаган билдирүүсүндө айтылат.

"Ооганстандын тарыхында дагы бир чечүүчү учур келди. Көп жылдык жаңжалды ооган эли өзү чечиши керек. Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешинин инклюзивдик жаңы өкмөт куруу, улуттук азчылыктар менен аялдардын укугун коргоо, башка мамлекеттерге коркунуч жараткан топтордун жаралышына жол бербөө, эл аралык укукту сактоо жөнүндө билдирүүсүн колдойбуз", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик ушул эрежелердин аткарылышы – Ооганстандагы жаңы бийлик менен диалогго баруу үчүн негизги шарт болууга тийиш деп эсептейт.

Ушул тапта Ооганстандын дээрлик бардык райондору, борбор калаа Кабул “Талибандын” көзөмөлүндө. Күн мурун эл аралык басылмалар күбөлөргө таянуу менен жаңы режимге каршы өткөн нааразылыкта талибдер бери дегенде эле үч кишини өлтүрүп, ондогон адамды жарадар кылганын кабарлашты. Окуя Кабулдан 150 чакырым аралыктагы Жалалабад шаарында болгон.

XS
SM
MD
LG