Ссылки доступа

Uzbekistan Airways Ооганстандан эвакуациялангандарды Германияга жеткирди


Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын учагы Ташкенттен Франкфурт-Майн шаарына Ооганстандан эвакуацияланган 200дөн ашуун кишини жеткирди. Бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Германия Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, бейшембиде аскердик учак Кабулдан 211 кишини алып чыккан. Натыйжада Ташкент аркылуу эвакуциялангандардын саны 900дөн ашты.

Германиянын Ташкенттеги элчилиги Өзбекстандан учак сураган. Буга чейин жүргүнчүлөрдү Lufthansa авиакомпаниясынын учактары ташып жаткан.

Ташкент аэропорту транзиттик режимде болгондуктан ооганстандык жүргүнчүлөргө шаарга чыгууга тыюу салынган.

Ооганстанда абал жөнгө салынганга чейин Кабул менен Ташкенттин ортосунда аба көпүрө аркылуу эвакуация улантылары белгиленет.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG