Ссылки доступа

Тоолуу Бадахшанда кыйраган тик учактын учкучунун сөөгү Душанбеде жерге берилди


Сергей Тютин.
Сергей Тютин.

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун Ванж районунда кыйраган Ми-8 тик учагынын учкучу 19-августта жерге берилди. Сергей Тютиндин сөөгү Душанбедеги христиан көрүстөнүнө коюлду.

Тажикстан Чек ара кызматына тиешелүү Ми-8 тик учагы Федченко мөнгүсүнө жакын аймакта жерге катуу конгон. Тик учак тоого урунуп, анын кесепетинин учкуч мерт болгон. Ми-8 орусиялык альпинисттерге колдоо көрсөтүү үчүн бараткан.

Учкучтун сөөгүн алып түшүү операциясы 18-августта гана аяктады. Себеби тик учак 5300 метр бийиктикте кулаган.

Расмий тараптар тик учактын катуу конушуна эмне себеп болгону тууралуу комментарий берген жок.

Трагедия 4-августта болгон. Борттогу беш адамдын төртөө жаракат алган.

Маалыматка караганда, 6 орусиялык турист жана жарадар болгон 4 киши башка тик учак менен коопсуз жайга жеткирилген.

XS
SM
MD
LG