Ссылки доступа

Казакстандын Актөбө шаарында автобус айдоочулары иш таштады


Казакстандын Актөбө шаарында "Автопарк" компаниясынын айдоочулары өткөн айдын маянасын талап кылып ишке чыгуудан баш тартышты. Натыйжада Батыш Казакстан облусунун миңдеген жашоочулары сааттап автобус аялдамаларында транспорт күтүүгө аргасыз болушту.

Шаар акимчилиги каттамга резервдеги автобустарды жана экинчи транспорттук линиянын айдоочуларын чыгарууга аракет жасады, бирок күн соңунда автобус кыймылы баары бир жанданган жок.

"Автопаркта" 140 автобус болсо, алардын 80ден ашууну каттамга чыккан жок.

— Маянаны ар бир айдын онунчу күнүнө чейин төлөсө жетиштүү. Башка талап жок. Маселен, мен 15 күн иштесем, мага 150 миң теңге (352 доллар) төлөп беришсин. Мага ашык акчанын кереги жок. Болгону убагында бергиле, — деди компаниянын жумушчусу Мейрамгали Баимбетов.

"Автопарктын" директору Агарыс Тлеулесов июлда маяна албаган 40 айдоочу башкаларды да ишке чыкпоого үгүттөгөнүн айтты.

—Биз алардан банк картасын ачууну талап кылганбыз. Алимент төлөөдөн качкан, банктарда карызы бар 40 киши карта ачпай жүрөт. Алар июлда маяна алышкан эмес, — деди Агарыс Тлеулесов.

Акимчилик жумага карай коомдук транспорт кыймылын толук калыбына келтирүүгө убада берүүдө.

Актөбө шаарында 500 миңдей киши жашайт. Калктын саны боюнча ал Алматы, Нур-Султан жана Чымкенттен кийин эле төртүнчү орунда турат.

XS
SM
MD
LG