Ссылки доступа

Өзбекстанда камакка алынган оппозициялык активисттин кайсыл жерде экени белгисиз болууда


Рахмиддин Абраев

Өзбекстанда "Эрк" демократиялык партиясынын Борбордук кеңешинин 16-августта камакка алынган мүчөсү Рахмиддин Абраевдин кайсыл жерде экени белгисиз болууда. Бул тууралуу партия жетекчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлери саясий активист жана акын Рахмиддин Абраевди 16-августта Кашкадарыя облусундагы үйүнөн алып кетишкен. Андан бери туугандары анын кайсыл жерде экени тууралуу маалымат ала албай келишет.

Абраев үч жыл мурда кайненеси "үй-бүлөдөгү зомбулукка айыптап" арыз жазгандан кийин соттолгон. Сот үч жылга анын аймактан чыгуусуна тыюу салган. Бирок Абраев быйыл май айында "Эрк" партиясынын курултайына катышуу үчүн Ташкентке барган.

"Бийлик муну үч айдан кийин гана эстеп, аймактан уруксатсыз чыкты деген шылтоо менен камакка алды", – деп жазылган партиянын билдирүүсүндө.

Кашкадарыя облустук ички иштер башкармалыгынан аларда Абраевдин кайсыл жерде экени тууралуу маалымат жок экенин билдиришти.

Рахмиддин Абраев "Эрк" партиясынын Борбордук кеңешинин мүчөсү. Ал партиянын Telegram-каналын жетектеп, түз эфирде саясий темаларда маектерди уюштуруп жүргөн. Мындан тышкары ал Өзбекстандагы белгилүү жаш акындардын бири болуп эсептелет.

"Эрк" партиясынын лидери Мухаммад Салих Абраевдин камакка алынышын алдыдагы президенттик шайлоого байланыштырууда.

– Алардын максаты – шайлоонун алдында саясий талааны тазалоо, оппозициячыл саясатчылардын оозун жабуу жана учурдан пайдаланып өлкө башчылыгына шайланып келүү. Ошондуктан бийлик сатып алып, коркутуп же камакка алуу менен активдүү жарандарды саясий ишмердүүлүктөн алыстатууга аракет кылып жатат. Алар Абраевдин да оозун жабууга аракет кылышкан, бирок бул ыкма ага иштебей турганын түшүнгөндөн кийин камакка алууну чечишти, – деди Салих.

Өткөн жумада "Эрк" партиясы жарандарды быйыл 24-октябрда өтө турган президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырган. Партияны билдирүүсүндө алдыдагы шайлоо — "Шавкат Мирзиёев башында турган саясий топтун кезектеги "эл көрсүн аракети" экени жазылган.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG