Ссылки доступа

НАТО: Ооганстандан 18 миң киши чыгарылды


Түндүк атлантикалык альянстын расмий өкүлү Кабулду талибдер алгандан бери эл аралык аэропорт аркылуу 18 миңден ашуун оогандыктар эвакуация болгонун жарыялады.

Аткаминер жашыруун калуу шарты менен Reuters агенттигине Кабул аэропортунда өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөп чогулган ооган жарандары дагы деле көп болуп жатканын айтты.

Талибан 15-августта Кабулду согушсуз ээлеп алып, андан ары аэропортко барып, ага кирүүчү өткөрмө бекеттерди көзөмөлгө алууга аракет жасаган.

Пентагон дүйшөмбүдөн бери Ооганстандан чыгаруу иштерин тездетип, күнүнө 5 миңден 9 миңге чейин адамды эвакуациялоо жүрүп жатканын билдирди. Соңку сааттарга карата Boeing C-17 үлгүсүндөгү 12 учак менен болжол менен 12 миңдей киши Ооганстандан сыртка ташылды.

Пентагондун маалыматы боюнча аэропорттун айланасын 5200 америкалык аскер күзөтүп турат. Соңку эки күндө алардын саны дагы бир топко көбөйдү.

XS
SM
MD
LG