Ссылки доступа

Тажикстандан Орусияга туруктуу аба каттамдары көбөйөт


Тажикстандын авиациялык бийлиги 27-августтан тартып Душанбе жана Москва шаарларынын ортосунда аба каттамдары көбөйөрүн ырастап, аптасына 14төн каттам аткарыла баштай турганын билдирди.

Маалыматка караганда, мындан тышкары орусиялык аэропорттордон Душанбеге, Хожентке жана Кулябга жумасына бирден каттам аткарууга уруксат берилет.

Өткөн аптада Орусиянын Коронавируска каршы күрөшүү боюнча федералдык ыкчам штабы Москва 27-августтан тартып Венгрияга, Египетке, Кипрге, Кыргызстанга жана Тажикстанга туруктуу аба каттамдарынын санын көбөйтүүнү пландап жатканын кабарлаган.

Тажикстандын тургундары каттамдардын көбөйүшү менен Орусиянын шаарларына авиабилеттер арзандайт деп үмүттөнүп жатышат. Бүгүнкү күндө Душанбедеги авиакассалардын алдында 2-3 ай мурдагыдай ажиотаж жок, бирок билеттер расмий убадаланган 500 доллардан кыйла кымбат сатылууда. Мындан улам тажикстандыктардын көбү деле болсо Орусияга Өзбекстан аркылуу учуп кетүүгө аракет кылып жатышат. Алардын айтымында, мындай жол менен алар акчаларын кыйла үнөмдөшөт.

Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдары коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айында токтотулган. Көп өтпөй Орусиядагы тажик жарандарын мекенине жеткирүү үчүн чартердик каттамдар уюштурула баштаган.

Москва менен Душанбенин ортосундагы туруктуу аба каттамдары быйыл 1-апрелде калыбына келтирилген: алгач аптасына бирден, 10-июндан тартып төрттөн каттам аткарыла баштаган. Алгачкы күндөн тартып эле авиакассалардын алдында билет сатып алууну каалаган адамдардын узун кезектери жаралган.

XS
SM
MD
LG