Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек ара тилкелерине убактылуу бекеттер коюлду

Ооганстандагы окуяларга байланыштуу кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек ара тилкелерине убактылуу кошумча чек ара бекеттери коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

"Коопсуздукту камсыз кылуу максатында кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек ара тилкелерине убактылуу кошумча чек ара бекеттери коюлду. Улуттук коопсуздук комитети башка күч түзүм мекемелери менен биргеликте пландуу түрдө чалгындоо-издөө аракеттерин көрүүдө. Ошол эле маалда Чек ара кызматынын аскерлери күнүмдүк режимде кызмат өтөп жатышат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Чек ара кызматы чет өлкөлүк жарандар тиешелүү уруксат берүүчү документтерин көрсөткөн учурда көзөмөл өткөрмө бекеттер аркылуу өлкө аймагына киргизилип жатканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG