Ссылки доступа

АКШ бир жуманын ичинде Кабулдан 25 миңге жакын кишини эвакуациялады


Акыркы маалыматтар боюнча Кабул аэропорту менен анын айланасында эвакуациялык каттамдарга отурууга аракет кылган бери дегенде эле 20 жайкын тургун каза болду. Бул тууралуу жекшемби күнү НАТОнун өкүлдөрү кабарлашты.

Маалыматка караганда, өлгөндөрдүн бир бөлүгү тыгындан каза болсо, калгандары атылган октордон көз жумушкан. Британ аскер күчтөрү ишемби күнү Кабул аэропортунда болгон тыгылыштан жети ооганстандык жайкын тургун өлгөнүн кабарлаган.

Бүгүнкү күндө Кабул аэропорту АКШ аскерлеринин көзөмөлүндө. Бирок ага кире бериш жерлердин баарын "Талибан" кыймылынын мүчөлөрү көзөмөлдөп турушат. Күбөлөрдүн жана басылмалардын маалыматтарына караганда, он миңдеген ооганстандык дале болсо аэропортко кирүүгө аракет кылууда.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын айтымында, эвакуация иштери башталган 14-августтан бери америкалык аскерлер Кабулдан 25 миңге жакын кишини чыгарып кетишкен. Учурда эвакуация кылынышы керек болгон ооганстандыктардын жана башка өлкөлөрдүн жарандарынын так саны белгисиз.

24-августта "Чоң жети" уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Ооганстандагы абалды жана адамдарды эвакуациялоодогу коопсуздук чараларын онлайн саммитте талкуулашат. Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон билдирди.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG