22-августта бир кыргызстандык аял Кабулдан Алматыга эвакуацияланды.
“Ооганстандын аймагында калган кыргыз жарандары Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жайгаштырылган, алардын коопсуздугу камсыздалган. Жакынкы аралыкта алар мекенине эвакуацияланат” деп билдирди ТИМ.
19-августка карата Ооганстандан 24 кыргыз жараны эвакуацияланган. Алардын 15и Казакстандын атайын учагы менен Алматы шаарына, андан кийин Бишкекке жеткирилген. Тогузу АКШнын атайын учагы менен Кабулдан Катарга жеткирилгени, аларды Кыргызстанга алып келүү жолдору караштырылып жатканы маалымдалган.
Ооганстандын аймагында дагы канча кыргызстандык калганы тууралуу так маалымат айтылган жок.
Кыргызстанда террордук уюм катары тыюу салынган "Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялаган. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен.