Ссылки доступа

Исфаралыктар Баткендеги Кум-Мазар жайына бара албай жатышканын айтууда


Исфара шаарынын жашоочулары бир айдан бери Баткендин Көк-Таш айлындагы Кум Мазар эс алуу жайына бара албай жатышканын билдиришүүдө.

24-июлда Баткендин Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жеринде эки тараптан тең чек арачылар ок чыгарган. Андан тажик чек арачысы Шухрат Курбонов жаракат алган. Чатакташууга чек арадагы талаштуу тилкеде тажик жарандары тазалоо иштерин жүргүзгөнү себеп болгон.

Эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү окуядан кийин жолугуп сүйлөшкөн. Жолугушууга эки тараптын жергиликтүү бийлик башчылары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы катышкан.

“Кыргызстандын Кум-Мазар жана Тажикстандын Сомоньен жерлеринде кандайдыр бир чарбалык иштерди жүргүзбөө тууралуу макулдашылды”, - деп айтылган Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.

Тажикстан бийлиги болсо бул сүйлөшүү боюнча расмий билдирүү тараткан эмес. Бирок мындан соң тажик жарандарына Кум-Мазар эс алуу жана дарылануу жайына барууга тыюу салынган.

"Бул санаторий сыяктуу жер. Кишилер ал жакка барып эс алышат. Ал жер бизге таандык, бирок кыргыздар кожоюн болуп жүрүшөт. Чынын айтам, бала кезде ал жерге барып, кум менен ойноп эле жүрчүбүз, эч ким бизге тоскоол болчу эмес. Эми кыргыздар "бул жер биздики деп" киргизбей жатышат. Мен бул жерге эс алуу үчүн келгем, биздин жоокерлер да "киргенге болбойт" деп жатышат", - деди исфаралык тургун Фазлиддин Фозилов.

"Озоди" радиосу кабарлагандай, ушул тапта Кум-Мазарга жакын жердеги тапчандар ээн турат, бир ай мурун эле бош орун жок болчу.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Серепчилер жыл өткөн сайын жер, суу, жайыт талаштан чыккан чатактын арты айыгышкан мүнөзгө өтүп баратканын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG