Ссылки доступа

Талибдер Панжшер провинциясына жоокерлерин жөнөттү


"Талибан" кыймылы Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Панжшер провинциясына жүздөгөн жоокерлерин жөнөттү. Буга "жергиликтүү мамлекеттик аткаминерлердин бийликти тынч жол менен берүүдөн баш тартканы" себеп болгон.

Панжшер талибдерге каршы турган бүгүнкү күндөгү Ооганстандын эң чоң региону болуп калды. Ушул тапта провинцияда Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салехтин тарапташтарынын аскер күчтөрү топтолгон. Буга чейин ал өзүн мамлекеттин легитимдүү башчысы деп жарыялаган.

Талибдерге каршы турган экинчи лидер – белгилүү талаа командири жана мурдагы коргоо миинстри Ахмад Шах Масуддун баласы кенже Ахмад Масуд.

22-августта талибдер Махмад Масуддан төрт саат аралыгында Пандшер өрөөнүн өткөрүп берүүнү, болбосо каршы чыккан топтун мүчөлөрү жазаланарын билдирген.

Ахмад Масуд эгерде талибдер сүйлөшүүдөн баш тартып, күч колдонууну тандаса, анда каршылык көрсөтүү кыймылы аягына чейин турарын айткан.

Буга чейин Асадабад шаарында өлкөнүн Эгемендүүлүгүн майрамдоо учурунда атышуудан жана түртүшүүдөн бир нече киши өлгөн. Күбөлөрдүн айтымында, талибдер Ооганстандын эски желегин кайтарууну талап кылып, көчөдө жүрүш өткөргөндөргө ок чыгарган.

22-августта Ооганстандын башка бир шаарында – Жалалабадда талибдер ооган желегин борбордук аянтка орнотууга аракет жасаган жергиликтүү тургундарга ок чыгарган. Reuters маалымдагандай, анла кеминде үч киши өлүп, ондон ашуун адам жаракат алган.

Талибдер 15-августта Кабулду өзүнө каратып, президенттик сарайды басып алган жана өлкөдө толук көзөмөл орнотулганын жарыялаган. Президент Ашраф Гани Бириккен Араб Эмиратына качып кеткени белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG