Ссылки доступа

Казакстанда жеке ЖМКларда декреттик төлөмдүн азайганына нааразы болгон журналист пикетке чыкты


"Информбюро" басылмасынын журналисти Жанна Хабдулхабар. 21-август 2021-жыл
"Информбюро" басылмасынын журналисти Жанна Хабдулхабар. 21-август 2021-жыл

21-августта Казакстандагы "Информбюро" интернет-порталынын журналисти Жанна Хабдулхабар Алматыда жалгыз пикетке чыкты. Ал бийликтин көңүлүн жеке ЖМКларда иштеген кызматкерлердин декреттик төлөмдөрүнүн азайышына бурууга аракет кылып жатканын билдирүүдө.

Жанна Хабдулхабар шаардык акимчиликтин алдына кайгылуу смайлик тартылган футболка кийип, колуна "Менин акчамды кайтарып бергиле" деп жазылган плакат кармап чыкты.

— Мен Эмгек министрлигинин жана президенттин көңүлүн бурдуруш үчүн митингге чыктым. 2020-жылы карантиндик чектөөлөр маалында жеке ЖМКлар киреше салыгынан, пенсиялык жана социалдык төлөмдөрдөн бошотулган. Анда бул чечим бизге эч кандай таасир этпей турганын айтышкан. Бирок быйыл июлда мен декреттик өргүүгө чыкканда Эмгек министрлиги декреттик төлөмдөрүмдү кыйла азайтып коюптур. 1 миллион 125 миң теңгенин ($2, 6 миң) ордуна, 800 миң гана теңге ($1,8 миң) алдым, — деди журналист.

Анын айтымында, Эмгек министрлиги декреттик төлөмдү азайтуу чечимин "журналист факты жүзүндө 2020-жылдын 1-июлунан 1-октябрына чейин иштебегени менен" түшүндүрүүдө. Бирок Хабдулхабар былтыр толук иштегенин, бирок жеке ЖМКларга берилген салык жеңилдиктеринен улам анын атынан социалдык төлөмдөр төлөнбөй калганын билдирүдө.

Казакстанда 2020-жылы бизнес өкүлдөрү, анын ичинде ЖМК тармагында иштегендер 1-апрелден 1-октябрга чейин киреше салыгынан, пенсиялык жана социалдык төлөмдөрдөн бошотулган. "Информбюронун" маалыматына караганда, азыр жеке медиа каражаттарында иштеген кызматкерлер гана декреттик төлөмдөрүн алууда көйгөйлөргө туш болууда. Башка тармакта иштеген жарандар 2020-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейинки аралыкта алган кирешесин ырастаган маалымкаттарды көрсөтүү менен декреттик төлөмдөрүн толук алып жатышат.

Хабдулхабардын айтымында, айрым жеке ЖМКларда иштеген кесиптештери буга чейин декреттик өргүү боюнча Эмгек министрлиги менен соттошуп, бирок утулуп калышкан.

XS
SM
MD
LG