Ссылки доступа

Казакстанда 500дөй мунайчы иш таштады


23-августта Маңгыстау облусундагы West Oil Software компаниясынын 500дөй жумушчусу иш таштап, маянаны көбөйтүүнү, эмгек шартын жакшыртууну талап кылышты. Мунайчылар мындан тышкары өздөрү түзгөн көз карандысыз кесиптик кошуундун ишине кедерги болбоону да сурашууда.

— Бүгүн жумушка чыккан жокпуз. Маянаны 2020-жылдын аягында президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон Эмгек кодексинин 103-беренесине шайкеш, мунай тармагындагы компаниялардыкына теңештирүүнү сурап жатабыз, - деди мунайчылардын бири Конысбай Утепов.

Утеповун айтымында, ушул тапта орточо айлык акы 230 миң теңгени түзөт.

West Oil Software мунайчылары маянаны Oil Transport Corporation компаниясынын маянасы менен теңештирсе, 450-500 миң теңге (1000-1200 доллар) алышарын айтышууда.

Быйыл жайында Маңгыстау облусунда, анын ичинде Жаңы-Өзөндө мунайчылар көп жолу иш ташташты. Жумушчулардын көбүнүн талаптары жарым-жартылай канааттандырылды.

XS
SM
MD
LG