Ссылки доступа

Президент Бердымухамедов Мары шаарына барды


Мары (архивдик сүрөт)

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 22-август күнү Мары шаарына барган. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады.

Мары менен Лебап облустарында жергиликтүү бийлик президент келет деп бир ай мурун даярданып башташкан. Аталган аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Дем алыш күндөрү тургундардын ээн-эркин жүрүшүнө чектөө киргизилди. Атүгүл терезени ачууга да уруксат берилген жок. Көчөлөрдө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү топтошуп жүрөт. Алар тышка чыккан кишилерди үйлөрүнө кайтарууда.

Шаарда тез жардам иштеген жок. Бейтаптарга медициналык кеңеш телефон аркылуу берилүүдө.

Расмий ЖМКлар президенттин облустарга барарын алдын ала кабарлабайт. Сапар аяктагандан кийин гана маалымат берет.

11-августта Бердымухамедов Балкан облусуна барып, Аскер-Деңиз Күчтөрүнүн жаңы бөлүгүнүн жана Мамлекеттик чек ара кызматынын имаратынын ачылыш аземине катышкан.

Президенттин Түркмөнбашы шаарындагы сапары учурунда жергиликтүү тургундарга азык-түлүк дүкөндөрүнүн жана банкоматтардын алдында кезекке турууга тыюу салынган.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG