Телеканалдын маектеши билдиргендей, АКШга атайын иммиграциялык виза тапшыруу программасына (SIV) катышкан оогандар да Кабул аэропортуна киргизилбейт. Бул программа АКШнын өкмөттүк күчтөрүнө иштегендерге арналган болчу.
Маалыматтарга караганда, аэропортто Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган 20 миңдей киши бар. Алардын арасында аскер жашындагы, документи жок ооган эркектери көп.
“Талибан” кыймылынын жоочулары 15-августта Ооганстандын борбору Кабулду ээлеп, президенттик сарайды согушсуз бошотуп алган. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени жарыяланган соң, талибдер өлкө боюнча көзөмөл колго алынганын билдирген.