Ссылки доступа

Казакстанда сентябрь-октябрь айларында коронавирус жуктургандар 200 миңден ашпайт деп болжолдонууда


Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой
Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясы боюнча өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын жаңыланган божомолун жарыялады.

"Пессимисттик сценарий" боюнча сентябрда бир суткада орточо 6300дөн киши коронавирус жуктурса, октябрда бул көрсөткүч 2400гө азаят. "Оптимисттик сценарий" боюнча сентябрда суткасына 4200дөн, октябрда 1300дөн жаңы учур катталат. "Реалисттик сценарий" боюнча сентябрда суткасына 5300, октябрда 1800 киши коронавирус жуктурат", — деди мекеме башчысы Алексей Цой өкмөттүн жыйынында.

Министрдин айтымында, акыркы эки жуманын ичинде өлкөдө коронавирус жуктургандар 10% азайып, инфекциянын жайылуу индекси 1,2 эсеге төмөндөдү.

Акыркы бир сутканын ичинде Казакстанда коронавирус жуктурган 5,6 миң жаңы учур катталды. Өткөн айдан бери өлкөдө күн сайын 7 миңден ашык кишиден вирус аныкталып жаткан.

XS
SM
MD
LG