Ссылки доступа

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү


Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун өкүлдөрү 16-22-августта Баткен облусунун Исфана шаарында болгон жолугушту

Анын жыйынтыгында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тийиштүү протоколго кол коюлганын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев “Азаттыкка” билдирди.

" Чек араны тактоодо эки тарап орток пикирге келип, жылыштар болду",- деди ал.

Тараптардын өткөн айдагы жолугушуусу Тажикстанда өткөн. Май айынан бери эки тараптуу комиссия кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкесинин 40 чакырымы боюнча тараптар орток пикирге келип, документке кол коюлганы маалымдалган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Эки мамлекеттин чек арасындагы тактала элек тилкелерде куралдуу кагылышуулар байма-бай болуп турат. Жыл башынан бери чек ара чырынан эки тараптан 56 адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG