Ссылки доступа

Байден Кабулдагы эвакуация иштеринин мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алышы мүмкүн


АКШнын президенти Жо Байден бир сутканын ичинде Кабулдагы америкалык жарандарды жана Кошмо Штаттар менен кызматташкан ооганстандыктарды эвакуациялоо иштеринин мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим кабыл алышы мүмкүн. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ак үйдөгү булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Өткөн жумада Байден америкалык аскерлер 31-августка чейин Ооганстандан толук чыгарыларын, бул датага чейин өлкөдөн оң миңдеген кишини эвакуациялоо иштери да аякташы керек экенин билдирген. Бирок жекшемби күнү президент бул "оор процесс" көйгөйлөр менен коштолуп жатканын, америкалык аскерлер Ооганстанда 31-августтан кийин да калышы мүмкүн экенин айткан.

Дүйшөмбү күнү "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү америкалык аскерлерди чыгарып кетүү мөөнөтүн жылдыруу терс кесепеттерге алып келерин эскертишкен. Ошол эле маалда Улуу Британия Вашингтонду эвакуация операциясы аяктаганга чейин Ооганстандан аскерлерин чыгарбай турууга чакырган.

Бүгүн "Чоң жети" уюмуна мүчө өлкөлөр виртуалдык жыйын өткөрүп, ушул маселени талкуулайт деп күтүлүүдө.

Күн мурун Өкүлдөр палатасындагы Чалгындоо иштери боюнча комитеттин төрагасы, конгрессмен Адам Шифф Ооганстандан чыгарыла элек америкалыктардын санын эске алганда, эвакуация иштерин сегиз күндүн ичинде аяктоо өтө оор болорун белгилеген.

XS
SM
MD
LG