Ссылки доступа

Казакстандагы ЖОЖду аяктаган ооган бүтүрүүчүлөрү өлкөдө калууга уруксат берүүнү өтүнүп жатышат


Иллюстрациялык сүрөт

Караганда мамлекеттик техникалык университетин аяктаган 11 ооганстандык студент казак бийлигине кайрылып, алардын Казакстанда калуусуна уруксат берүүнү өтүнүштү.

Бүтүрүүчүлөр Ооганстанга кайтып баргылары келбей жатканын, ал жакта алардын өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн экенин айтууда.

Студенттердин бири Абдулкасар Рассули алар визаларын узартып берүү өтүнүчү менен Миграциялык полицияга кайрылышканын билдирди.

"Мен беш жыл мурда университетке тапшыруу үчүн келгем. Окуубузду аяктадык, бирок Ооганстанда азыр абал кандай экенин билесиңер. "Талибандан" баары коркуп жатат. Мен мекениме бара албайм. Визабызды узартып берүүнү өтүндүк. Эми Миргациялык полициянын чечимин күтөбүз", — деди Рассули.

Караганда облустук полиция департаментинин маалыматына караганда, Казакстандын мыйзамдарына ылайык, жогорудагы чет өлкөлүк студенттер өлкө аймагында 31-августка чейин гана жүрө алышат. Бирок учурда аларды өлкөдөн күч менен чыгаруу маселеси күн тартибинде жок.

Казакстандын Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү окуу жайларда 102 ооганстандык студент билим алууда. Алардын көбү жайкы эс алууда Ооганстанга кетишкен.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG