Ссылки доступа

Булак: Түркмөнстандын бир облусунда эле коронавирустан күнүнө 100гө жакын киши каза болууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Түркмөнстандын Лебап облусуна караштуу Фарап районундагы борбордук оорукана толугу менен карантинге жабылып, COVID-19 жуктурган бейтаптарды гана кабыл алууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы аймактын саламаттык сактоо башкармалыгындагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

"Коронавирус жуктургандар жана андан каза болгондор көбөйүүдө. Лебап облусунда эле акыркы 24 сааттын ичинде 100гө жакын киши көз жумду. Фарап райондук көп профилдүү оорукана дарылоого мүмкүн болгон гана бейтаптарды кабыл алууда. Оорусу күчөп кеткендер үйлөрүнө жөнөтүлүп жатат", — деди булак.

Анын айтымында, облустук көп профилдүү оорукана райондордон келген бейтаптарды кабыл алууну токтотту.

"Бул оорукана бейтаптарга толгон. Ординациялык кабинеттер менен медиктер эс алган бөлмөлөр да бейтаптарды жаткыруу үчүн палаталарга айланды", — деп билдирди булак.

Ал бүгүнкү күндө коронавирустун негизги очогу эсептелип жаткан Лебап облусунда медицина кызматкерлери жетишсиз болуп жатканын кошумчалады. Мындан улам оорукана кызматкерлерине оозеки түрдө эмгек өргүүсүнө чыгууга тыюу салынган.

Түркмөнстандын бийлиги дүйнөдө COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG