Мекеменин маалыматына караганда, буга өзбек делегациясынын курамындагы эки адамдан коронавирус инфекциясы аныкталганы себеп болгон.
Алгач XVI Паралимпиадалык оюндардын ачылуу аземинде Өзбекстандын желегин спортчулар Мухаммад Риксимов менен Нурхон Курбанова көтөрүп чыга турганы кабарланган. Бирок паралимпиадалык курамадагы бир дзюдочу менен машыктыруучудан коронавирус аныкталган. Экөө тең карантинге алынып, алар менен учакта чогу отурган Нурхон Курбанова оюндардын ачылуу аземине катыша албай калды.