Анын айтымында, операциялардын аталган мөөнөткө карата бүтөөр-бүтпөшү талибандар менен өз ара аракеттешүүгө да байланыштуу болот.
"АКШнын Коргоо министрлиги менен Мамлекеттик департаментине кайрылып, америкалык аскерлердин Ооганстандан кетишине байланыштуу күтүлбөгөн жагдайлар үчүн план иштеп чыгууну өтүндүм. Биз ал жерде канчалык көп болсок, террордук кол салуулардын тобокелдиги ошончолук жогору болот", — деди Байден.
24-августта Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон "Чоң жети" уюмунун онлайн саммиттинде сүйлөп жатып, Ооганстандан бардык америкалык аскерлерди чыгарып кетүү мөөнөтү жылдырылбай, мурда айтылгандай эле 31-август бойдон калышы мүмкүн экенин айткан.
Буга чейин бир катар маалымат агенттиктер өз булактарына таянып, Байден Пентагондун сунушу менен америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү мөөнөтүн узартпай турганын жазышкан. Маалыматка караганда, АКШнын Коргоо министрлиги бул датадан кийин Кабул аэропортундагы аскер кызматкерлеринин коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын билдирген.