Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, экологиялык абалды жакшыртууга, бак-дарактарды коргоо иштерин натыйжалуу уюштурууга жана өлкөдөгү жашыл аймактарды көбөйтүүгө арналган жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчы Максудовдун ишин сынга алды.
Мирзиёевдин айтымында, Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик комитет абанын булгануусу жана шаарлардагы бак-дарактардын азаюуусу өңдүү экологиялык көйгөйлөрдү чечкен эмес. Өлкө боюнча жашыл аймактардын аянты 3-4 эсеге азайып, өнөр-жай ишканалардын саны эки эсеге өскөн.
"Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Алишер Максудов жер-жерлерде системалуу иштерди уюштура албаганы үчүн кызматтан алынды", – деп жазылган президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
2017-жылдан 2020-жылга чейин "Узпахтасаноат" акционердик компаниясын жетектеген Алишер Максудов Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына былтыр ноябрда дайындалган.