Ссылки доступа

Москва Кабулдан Орусиянын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн 500дөй жаранын эвакуациялайт


Орусиянын Коргоо министрлиги Ооганстандан Орусиянын, Украинанын жана Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн жарандарын эвакуациялай турганын кабарлады.

Бул үчүн төрт аскердик-транспорттук учак бөлүнгөн, алар учурда Ульянов аэродромунда. Операциянын алкагында 500дөн ашуун кишини эвакуациялоо пландалууда.

Учактарда аскер медиктеринин бригадасы, иче турган суу, тамак-аш жана медикаменттер бар. Министрликтин билдирүүсүндө учактар Ооганстанга качан сапар тартары айтылган эмес. Эвакуация жөнүндө тапшырманы Орусия президенти Владимир Путин берген.

Ооганстандын дээрлик бардык аймагы "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өттү. Бир катар мамлекеттер бул өлкөдөн өз жарандарын жана алар менен кызматташкан ооганстандыктарды Кабул аэропортунан алып кетүүдө. 15-августтан бери АКШ жана алардын союздаштары ооган борборунан он миңдеген кишини чыгарып кетишти.

Дагы канча киши эвакуацияга муктаж экени белгисиз. Талибдер бардык чет өлкөлүк аскерлер Кабул аэропортунан 31-августка чейин чыгып кетишин күтүүдө.

Буга чейин Орусиянын аскердик окуу жайларын аяктаган ооган жарандары Путинге ачык кат жолдоп, Ооганстандан чыгарып кетүүнү сурашкан.

Орусия ТИМи орус бийлиги Ооганстандын карапайым жарандарын кабыл алууга даяр өлкөлөр бар болсо, эвакуациялоо үчүн каттам уюштурууга даяр экенин маалымдаган.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG