Ссылки доступа

АКШ чалгыны COVID-19дун келип чыгышы боюнча бүтүм чыгара алган жок


Америкалык чалгын COVID-19 вирусунун келип чыгышы боюнча так бүтүм чыгарууга кудуреттүү эмес. Бул тууралуу америкалык ЖМКлар билдирди.

Маалыматтарга караганда, 24-августта Ак үйгө жөнөтүлгөн америкалык чалгындын баяндамасында пандемияга алып келген коронавирустун атайын же табигый жол менен пайда болгону жөнүндө маселе ачык бойдон калганы айтылат. Буга тыкыр иликтөө жүргүзүүгө кытай бийлиги керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тартканы себеп болгон.

Негизги версияга ылайык, коронавирустун жаңы түрүнүн тарашына Кытайдын Ухань шаарында базарда сатылган жапайы жаныбар себеп болгон. Вирус жуктурган алгачкы учур 2019-жылдын декабрь айына туура келет. Бирок мурдагы президент Трамптын администрациясы жеке иликтөөнүн жыйынтыгы менен 2019-жылы күзүндө Ухандагы вирусология институтунун кызматкери COVID-19дун белгилерине окшош илдет менен ооруканага жаткырылганын ачыктаган. Кийинчерээк кытай бийлиги инфекция булагын аныктоого аракет жасаган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттеринин ишине тоскоол кылганы айтылган.

Америкалык чалгындын жашыруун баяндамасы президент Байдендин жарлыгы менен даярдалган. Wall Street Journal гезити жазгандай, баяндамада вирусту аныктоо үчүн вирустун геномунун үлгүсү жана башка маалыматтары менен бөлүшүүдөн баш тартып жаткан кытай бийлиги менен кызматташуу зарыл экени белгиленген.

"Эгер Кытай айрым маалыматтар менен бөлүшпөсө, биз эч качан чындыкты биле албайбыз", — деп билдирген америкалык администрациянын кызматкери.

XS
SM
MD
LG