Ссылки доступа

Кытайда 16 жыл туткунда болгон Рахыжан Зейнолла казак жарандыгын алды


25-августта Казакстан бийлиги Кытайда 16 жыл туткунда болуп, быйыл апрелде Казакстандагы үй-бүлөсүнө келген Ракыжан Зейноллага казак жараны экенин ырастаган документ берди.

Анын аялы Фарида Кабылбек күйөөсү журналисттер менен сүйлөшкүсү келбей турганын айтты.

— Ал коркуудан али арыла элек. Казакстанга кетерде Кытай полициясы “башынан өткөргөндөрдү жарыялабоо” жөнүндө документке кол койдурган экен. Ошондуктан эч кимге интервью бергиси келбейт. Бүгүн Казакстан жараны болгонун ырастаган документ алганына катуу сүйүнүп жатат, — деди Фарида Кабылбек.

Рахыжан Зейнолла 2003-жылы Казакстан жарандыгын алуу үчүн документ тапшырган. Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев ага жарандык берүү тууралуу жарлык чыгарган. Бирок казак жараны экенин тастыктаган күбөлүгүн албай туруп Шинжаңга барган жана кайта албай калган.

Буга чейин Фарида Кабылбек күйөөсү Кытайда “тыңчы” деген айып менен 13 жыл күнөөсүз соттолгонун, андан соң “саясий жактан кайра тарбиялоо” лагеринде, андан чыккандан кийин үй камагында болгонун билдирген. Ал жолдошун бошотууну талап кылып, Кытайдын Алматыдагы консулдугунда бир нече жолу нааразылык өткөргөн.

Маалыматка караганда, 58 жаштагы Ракыжан Зейнолла Кытайдын Боро-Тала-Монгол автоном облусуна караштуу Карабука шаарында туулуп өскөн. 2000-жылы үй-бүлөсү менен Казакстанга жер которуп, Алматы облусуна келип турган. 2004-жылы Шинжаңга барган Ракыжан Зейнолланы полиция кармап, жоопко тарткан.

XS
SM
MD
LG