Ссылки доступа

Эмомали Рахмон Ооганстандагы тажиктерге болушту


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайшини кабыл алган учуру. 25-август, 2021-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайшини кабыл алган учуру. 25-август, 2021-жыл.

Тажикстандын президенти  Ооганстанда бардык элдер менен этникалык топтордун кызыкчылыгын камтыган инклюзивдүү өкмөт түзүлөрүнө үмүт арта. Бул тууралуу ал Дүйшөмбүдө Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайшини кабыл алган учурда айтты.

Тажик президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Рахмон Ооганстандын жаңы өкмөтүн түзүүдө бардык элдердин, өзгөчө, өлкө калкынын 46% түзгөн ооган тажиктеринин кызыкчылыгын эске алуу зарыл деп эсептейт.

Ошол эле кезде расмий Дүйшөмбү талибдер тарабынан тажиктерге, өзбектерге жана башка Ооганстандагы улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө карата жасалып жаткан зомбулуктарды айыптай турганын билдирди.

Анын айтымында, Ооганстандагы мамлекеттик түзүлүш бардык жарандардын көз караштарын эске алуу менен аныкталууга тийиш.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши Исламабад дагы Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүүнү жактай турганын айтып, бардык элдердин өкүлдөрүн буга активдүү катышууга чакырды.

Анын айтымында, Ооганстандагы улам өзгөрүлүп турган азыркы кырдаал келечекте анын жакынкы кошуналарына олуттуу таасир этиши мүмкүн.

«Ооганстандагы тынчтык жана туруктуулук жалпы чөлкөмдөгү коопсуздукка көмөк көрсөтүшү мүмкүн. Ошондуктан негизги максат – бардык кызыкдар тараптар Ооганстандын болочогун биргеликте карап, талкуулашы зарыл», — деп белгиледи Курайши.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши Тажикстандабир күндүк расмий сапар менен болду.

XS
SM
MD
LG