Ссылки доступа

Талибдер ооган аялдарына иштебей, үйдө отурууну сунуштады


Талибдер Ооганстандагы аялдарга иштебей үйдө отурууга кеңеш берди. Бул тууралуу Би-Би-Си уюмдун өкүлү Забихулла Муджахидге шилтеме жасоо менен билдирди.

“Биздин коопсуздук күчтөрүбүз аялдарга карата кандай мамиле кылууну жана кантип сүйлөшкөндү үйрөнө элек. Алардын коопсуздугу толук камсыздалмайынча... биз аялдарды үйүнөн чыкпоосун өтүнөбүз”, – деди Забиулла Муджахид.

“Бул абдан кыска мөөнөттүк процедура”, – деп кошумчалады ал.

Талибдердин расмий өкүлү Забиулла Муджахид буга чейинки маалымат жыйындарынын биринде шарият мыйзамдары киргизилерин, бирок кыз-келиндердин окуп, иштөөсүнө тоскоолдук болбой турганынын айткан.

Ооганстанда 1996-жылдан 2001-жылга чейинки талибдердин беш жылдык башкаруусунда шарият мыйзамдары иштеп, телекөрсөтүүгө, киного, музыкага, искусствого тыюу салынып, кыздардын билим алышы чектелген. Алардын күйөөсү же эркек жакын туугандарысыз сыртка чыгуусуна тыюу салынган. Алар паранжа кийип жүрүүгө милдеттүү болгон.

2021-жылдын 15-августунан баштап талибдер аялдардын коомдук жайларда чүмбөтсүз жүрүүсүнө тыюу салган.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG