Ссылки доступа

АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстандан 90 миңдей кишини эвакуациялады


 Кабул аэропорту
Кабул аэропорту

Кабулдагы аэропорт аркылуу эвакуация башталгандан бери АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстандан 90 миңдей кишини алып чыгып кетти. Бул тууралуу 25-августта АКШ Коргоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Генерал-майор Уильям Тэйлордун айтымында, акыркы суткада эле АКШнын аскердик-транспорттук авиациясы Кабулдан 11 миң, АКШнын союздаштары 8 миңдей кишини эвакуациялады. Өткөн суткада ооган борборунун аэропортунан 90 каттам жасалды. Кабулдан ар бир 40 мүнөт сайын аскердик-транспорттук учактар учуп турду.

Тэйлор ушул тапта Кабул аэропортунда 10 миңдей адам эвакуацияны күтүп жатканын белгиледи.

Өлкө “Талибан” кыймылынын колуна өткөндөн бери аскерлерди эсептебегенде АКШнын 4400 жараны эвакуацияланды. Калгандары – башка өлкөлөрдүн жана чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен кызматташкан, талибдердин куугунтугуна кабылышы мүмкүн болгон ооган жарандары.

АКШ Ооганстандагы аскерлеринин бардык операцияларын, анын ичинде чет элдиктер менен кээ бир оогандыктарды эвакуациялоону 31-августка чейин толук аяктоону көздөйт.

XS
SM
MD
LG