Ссылки доступа

Алматыда журналистти күч менен имараттан чыгарган акимчиликтин күзөтчүсү иштен алынды (видео)


Алматынын Алатау райондук акимчилигинин журналист Акбопе Танирбергенди күч менен имараттан чыгарган күзөтчүсү иштен алынды. Бул тууралуу "Информбюро" агенттиги кабарлады.

Буга чейин "Хабар 24" телеканалынын кабарчысы Акбопе Танирберген акимчиликтин күзөтчүсү аны колунан кысып, имараттан күч менен чыгарып жатканы тартылган видеону жарыялаган. Журналисттин айтымында, бул окуядан кийин анын денесинде көк-ала тактар калган.

"Күзөтчү мени көтөрүп гана чыгарып койгон жок. Ал мени бир нече жолу катуу түрттү. Азыр ал учурду эстеп алып ыйлагым келүүдө. Мени буюм, эмерек сыяктуу эле сыртка чыгарып коюшту. Мен мыйзам бузган эмесмин, болгону акимден интервью алайын дегем. Ооба, мен турникеттин алды менен өтүп кеткем, бул менин жалгыз катам. Бирок бул мени көтөрүп сыртка чыгарып коюш керек дегенди билдирбейт да. Биз интервью боюнча алдын ала макулдашып анан барганбыз", – деди Танирберген.

ЖМК өкүлдөрүнүн укугун коргогон "Адил сөз" уюму Танирбергендин кыйкырганына карабастан, акимчилик кызматкерлеринин эч кимиси окуяга кийлигишпегенин кабарлады.

Район башчысы Азамат Калдыбеков күзөтчү акимчиликтин кызматкери эмес экенин, жеке компанияда иштей турганын белгиледи. Анын айтымында, аким же анын орун басары тарабынан журналисттерди имаратка киргизбөө тапшырмасы болгон эмес.

"Менин маалыматым боюнча журналист менен оператор атайын тиркеме аркылуу өз макамдарын сканерден өткөрбөстөн эле турникеттин алды менен кирип кетишкен. Күзөтчү буга тиешелүү чараларды көргөн. Мен күзөтчүнү актап жаткан жерим жок. Кызды күч менен сыртка чыгарып коюга болбойт. Териштирүү иштери аяктаганга чейин күзөтчү иштен четтетилди. Азыр кызматтык иликтөө жүрүп жатат", — деди Калдыбеков.

"Хабар 24" телекананын директору Алена Горбачева журналисттерге макамдарын сканерден өткөрүшү керек экенин эч ким айтпаганын, күзөтчүлөр аларды имараттын ичине киргизбөөгө болгон аракетин көргөнүн билдирди. Ал бул окуя боюнча телеканалдын атынан полицияга арыз менен кайрыла турганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG