Ссылки доступа

Тажикстандын президенти октябрда Францияга барат


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон октябрда Францияга барат. Елисей сарайы билдиргендей, президент Эммануэль Макрон тажик кесиптеши менен телефондо сүйлөшүү учурунда аны Францияга чакырган.

"Республика президенти Эмомали Рахмонду 13-октябрда кабыл алат", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Ооганстандагы аскердик-саясий кырдаалдын курчушу – Рахмон менен Макрондун телефондук сүйлөшүүсүндө башкы тема болду. Эмомали Рахмон Ооганстандагы кырдаал Борбор Азия чөлкөмүнүн коопсуздугу менен байланышта экенин айтты.

"Мамлекет башчы жарандык карама-каршылыктын жаңы толкунунан улам Ооганстан гуманитардык катастрофанын чегинде экенин тынчсыздануу менен белгиледи", - деп билдирди Тажикстан президентинин маалымат кызматы.

Рахмон менен Макрон 2019-жылы Францияда жолугушкан. Сүйлөшүү учурунда Тажикстан менен Франция жарандык авиация, энергетика, транспорт, туризм, айыл чарба жана маданият, тамак аш жана металлургия өнөр жайында биргеликте иш алып баруу мүмкүндүктөрүн талкуулашкан.

XS
SM
MD
LG