Ссылки доступа

АКШ менен союздаштары теракт коркунучунан улам адамдарды Кабул аэропортунан кетүүгө чакырышты


АКШ баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү теракт коркунучунан улам адамдарды Кабул аэропортунан жана ага жакын жайгашкан көчөлөрдөн кетүүгө чакырышты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

АКШнын Ооганстандагы элчилиги 25-август күнү кечинде билдирүү жарыялап, "коопсуздукка коркунуч бар болгондуктан" америкалыктарга Кабул аэропортуна жана анын кире бериштерине барбоону сунуштады.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги да ушундай эле эскертүү жасап, адамдарды коопсуз жайларда болуп, мындан аркы сунуштарды күтүүгө чакырды.

Австралия да аэропорттун аймагында “террористтик чабуул жасоо коркунучу жогору экенин” эскертип, бардык жарандарын башка райондорго кетүүгө үндөдү.

Батыш өлкөлөрү Ооганстандагы жарандарын, аларга жардам берген ооганстандыктарды жана "Талибандын" куугунтугуна кабылышы мүмкүн болгон башка адамдарды эвакациялоого аракет кылып жатышат. Мындан улам эвакуация иштери аяктай турган 31-августка чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган миңдеген адам Кабулдагы аэропортто жана анын айланасында топтолуп турушат.

XS
SM
MD
LG