Ссылки доступа

Кабул аэропортуна жакын жердеги жардыруулар үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Бейшемби күнү Кабулдагы аэропортко жакын жерде болгон эки жардыруу үчүн "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобу жоопкерчилик алды.

CNN телеканалынын маалыматына караганда, биринчи жардыруу аэропорттун кире беришине жакын жерде, экинчиси аба майдандан алыс эмес жайгашкан Barron мейманканасынын жанында болгон.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кабул аэропортуна жакын жердеги эки жардыруудан 60ка жакын киши каза болуп, бери дегенде эле 140 адам жаракат алды.

Пентагон 12 америкалык аскер кызматкери өлүп, кеминде 15 жоокер жарадар болгонун ырастады.

Чет өлкөлүк ЖМКлардын Кабулдагы кабарчылары шаардын түрдүү райондорунда дагы бир нече жардыруу болгонун кабарлап жатышат. Азырынча каза болгондор жана жаракат алгандар жөнүндө маалымат жок.

Кабул "Талибандын" көзөмөлүнө өткөндөн кийин шаардагы аэропорттун айланасына эвакуациялык каттамдар менен өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген ооганстандык топтолгон. "Бул адамдар коопсуздукту жана эркиндикти каалашкан. Бул өзгөчө чыңалып турган учурда жасалган "өтө жийиркеничтүү" кол салуу", — деди Германиянын канцлери Ангела Меркель Кабулдагы теракттар тууралуу пикирин билдирип жатып.

Августтун ортосунда Ооганстан "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өткөн. Андан бери АКШ жана анын союздаштары өлкөдөн 90 миңге жакын кишини эвакуациялап чыгарып кетишти. Алардын арасында бул өлкөлөрдүн өз жарандарынан тышкары талибдердин куугунтугуна кабылышы мүмкүн болгон он миңдеген ооганстандык да бар.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG