Ссылки доступа

Тажикстанда укук коргоочу Иззат Амондун иши боюнча тергөө аяктады


Иззат Амон. Архив сүрөт
Иззат Амон. Архив сүрөт

Тажикстанда алдамчылык айыбы менен тергөө абагында отурган укук коргоочу Иззат Амон ага каршы доо арыз жазган эки адам менен беттештирилди. Бул тууралуу "Озоди" радиосуна адвокат Саидбурхон Шарифов билдирди.

"Иззат Амон ал адамдардан 200 миң сомони (9 миң доллардан ашык) алганын ырастады. Мындан ары беттештирүү болбойт. Тергөө иштери аяктады, жакынкы күндөрү иш сотко өтөт", — деди адвокат.

Укук коргоочунун уулу Махмадюсуф Холов атасы арыз жазган адамдардын бирине 120 миң сомони, экинчисине 80 миң сомони бериши керек экенин билдирди. "Алар атам бул акчаны адвокаттык кызмат көрсөтүү үчүн алып, бирок эч кандай жардам бербегенин айтып жатышат", — деди ал.

Адвокат азыр негизги маселе доочуларга акчаны кайтарып берүү болуп жатканын белгиледи. Ал ошол эле маалда Амон өлкө Эгемендигинин 30 жылдыгына карата жарыялана турган мунапыска илинет деп ишенип жатканын кошумчалады.

Буга чейин "Азия-Плюс" агенттиги тажик өкмөтүндөгү булактарына таянып, Эгемендик күнүнө (9-сентябрь) карата камактагы 25 миңден ашык кишиге ырайым бериле турганын кабарлаган.

Тажикстандын бийлиги Иззат Амондун иши боюнча жүрүп жаткан тергөө аракеттери тууралуу эч кандай комментарий бербей келет.

Буга чейин Тажикстандын Башкы прокуратурасы Иззат Амон Орусиядагы мекендештерин 630 миң рублга жана 1000 долларга алдап кеткен деп айыпталып жатканын билдирген.

Москвадагы тажиктер борборун жетектеген Иззат Амон быйыл 25-мартта Орусиядан Тажикстанга депортацияланган. Тажик бийлиги укук коргоочу эртеси Душанбеде кармалып, ага каршы "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Өлкө мыйзамдарында мындай кылмыш кылгандар үчүн айып пул төлөтүү же 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, Иззат Амонго каршы 12 киши арыз жазган. Алар 2014-жылдан 2020-жылга чейин "кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу", "убактылуу каттоо" жана "депортациялоо тууралуу сот чечимин жокко чыгаруу" үчүн Амонго акча беришкенин, бирок эч кандай жардам алышпаганын билдиришкен.

Амондун тарапташтары ал Тажикстандын өкмөтүн сындап жүргөнү үчүн кармалганын, анын ишинде саясий мотив бар экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG