Ссылки доступа

Казакстанда аскердик бөлүктөгү жарылуулардан каза болгондор беш кишиге жетти (видео)


Казакстандын Коргоо министрлиги Жамбыл облусунун аймагындагы аскердик бөлүктө болгон жарылуулардын кесепетин жоюу учурунда каза болгондор беш кишиге жеткенин кабарлады.

"Жарылуу болгон аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан дагы бир аскер кызматкери көз жумганы белгилүү болду. Ал 29 жаштагы өрт өчүрүү тобунун башчысы, старшина Еркин Надирбеков. Ал инженердик ок-дарылар сакталган кампадагы өрттү өчүрүү иштерин жетектеп жүргөн. Жарылуу болгондо дароо көз жумган", - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Буга чейин Коргоо министрлиги аскердик бөлүктүн аймагындагы жарылуулардын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшүндө төрт киши каза болгонун кабарлаган. Алардын баары аскер адамдары болушкан.

Мекеменин маалыматына караганда, азыр дагы бир нече аскер кызматкери менен байланыш жок болуп, аларды издөө иштери жүрүп жүрүүдө.

Тараз шаарындагы №1 оорукана жарылуулардан кийин аларга жаракат алган 93 киши жеткирилгенин, азыр 35и дарыланып жатканын билдирди.

Аскердик бөлүктөгү жарылуулардан улам жакын жайгашкан үч айылдын тургундары Тараз шаарына эвакуацияланып, мектептердин имараттарына жайгаштырылган. Айрым маалыматтар боюнча алардын бир бөлүгү кайра үйлөрүнө кайтып барышты.

Коргоо министрлиги Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктүн аймагында 10 жарылуу болгонун ырастады. Анда 2019-жылы ушундай эле жарылуу болгон Арыс шаарындагы кампалардан алып келинген курал-жарактар сакталып турганы белгилүү болду.

Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев бул жарылуулардан кийин кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. "Жарылуулар жөнүндө маалымат келип түшөрү менен кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алгам. Эми бул боюнча акыркы чечимди өлкө жетекчилиги кабыл алат", деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Ермекбаев министр кызматына 2018-жылы дайындалган. Ага чейин президенттик администрацияда, дипломатиялык кызматта иштеп, Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG