Ссылки доступа

Ташкентте Өзбекстандагы кыйноолор тууралуу китеп жазган оппозициялык активисттин уулу камакка алынды


Жазуучу жана оппозициялык активист Ислом Холбоев Өзбекстандын укук коргоо органдары анын уулу Жамола Холбоевди негизсиз камакка алып, туугандары жана адвокаты менен жолуктурбай жатканын билдирүүдө.

Түркияда жашаган активист Ташкентте 18-августта камакка алынган уулу абакта кыйноого кабылышы мүмкүн деп кооптонууда. Ал бул окуяны Өзбекстандын түрмөлөрүндөгү кыйноолор жана азыркы бийликтин мыйзамсыз аракеттери тууралуу Түркияда басылып чыккан китеби менен байланыштырып жатат.

Ислом Холбоев 2014-жылы үй-бүлөсү менен Түркияга көчүп кеткен. 32 жаштагы уулу быйыл августта паспортун алмаштыруу үчүн Өзбекстанга келгенде камакка алынган.

– Уулум Түркияга кетерине бир күн калганда, ИИМдин терроризмге каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан Ташкентте ижарага алып жашап жаткан батирде кармалды. Ошондон бери аны эч кимге көрсөтпөй жатышат, адвокат да жолуга алган жок. Аны камакка алуу тууралуу сот болгон-болбогонун да билбейбиз, – деди Ислом Холбоев.

Адвокат Арслан Шаймардановдун айтымында, Жамол Холбоев эч кайсы террордук уюмдун мүчөсү эмес. "Азыр аны үй-бүлөсү жалдаган адвокаттын катышуусусуз суракка алып жатышат. Бул Кылмыш-жазык кодексинин 48-беренесин бузуу болуп эсептелет", — деди адвокат.

Бирок Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Холбоевди камакка алууда "мыйзам бузулбаганын" билдирди.

– Бул иш прокуратуранын көзөмөлүндө. Анда эч кандай мыйзам бузуу жок. Адвокатка анын Холбоев менен жолуга албай жатканы тууралуу жазган арызы мыйзамдык тартипте каралагандан кийин жооп берилет, – деди басма сөз катчы.

Ислом Холбоев кесиби боюнча журналист. 1980-жылдардын аягында оппозициялык "Бирлик" жана "Эрк" партиясын түзүүгө катышкан. Өлкөнүн ошол кездеги президенти Ислам Каримовдун режими оппозиция өкүлдөрүнө карата репрессияларды күчөткөндөн кийин ал саясий ишмердүүлүгүн токтотуп, ишкерлик менен алектенүүгө аргасыз болгон.

2007-жылы Холбоев "Алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга соттолгон. Ал сотто күнөөсү далилденбегенине карабастан, 1,5 жыл түрмөдө отуруп чыгууга туура келгенин айткан.

"Эркиндикке чыккандан кийин түрмөдөгү кыйноолор тууралуу беш китеп жаздым. Жакында эле Түркияда "Тузак" деген романым чыккандан кийин кысым башталды. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы мени Түркиядан экстрадиция кылууга аракет жасаган. Менин китебим өзүм көргөн, башыман өткөргөн нерселерге негизделген. Анда аты-жөнү айтылган адамдар азыр деле жогорку кызматтарда иштеп жүрүшөт. Ошондуктан уулумдун камакка алынышы менин китебимдин чыкканына байланыштуу деп эсептейм", – деди Холбоев.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG