Ссылки доступа

Байден Кабулдагы жардырууга чабуул менен жооп берүүнү тапшырды


Вашингтон 26-август күнү Кабулда болгон жардырууларга тиешеси барларды аныктап, аларды жоопко тартат. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден Ак үйдөгү брифинг учурунда билдирди.

"Бул чабуулду жүзөгө ашыргандар, мындан тышкары Америкага жамандык каалагандар, билип койгула: Биз муну кечирбейбиз. Биз муну унутпайбыз. Биз силердин изиңерге түшүп, жооп берүүгө мажурлайбыз", - деди Байден.

АКШ президенти жардырууну бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук уюмунун Ооганстан жана Пакистанда иштеп жаткан уячасы ишке ашырды деп эсептейт. Байден Пентагонго Кабулдагы терактты уюштурган жоочуларга чабуул жасоо планын иштеп чыгууну тапшырганын айтты.

АКШда азырынча "Талибан" менен ИМ жоочуларынын чабуул жасоо боюнча кутумга барганы тууралуу далили жок. Байден белгилегендей, талибдер АКШнын Ооганстандагы эвакуациясынын тезинен аякташына кызыктар. Мындан улам алар үчүн азырынча ИМ менен кызматташуу пайдасыз.

Кабул аэропортунун жанындагы эки жардыруудан кеминде 103 киши өлдү. Арасында жаш балдар, АКШнын 13 аскери да мерт кетип, дагы 150дөй киши жарадар болгонун The Wall Street Journal билдирди.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобунун жоочулары өзүлөрүнө алганы кабарланган.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG