Ссылки доступа

Тажикстандын түштүгүндөгү жаштар Панжшердеги талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылына кошулууга даяр


Панжшердеги талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылынын жоокерлери
Панжшердеги талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылынын жоокерлери

Тажикстандын түштүгүндө жайгашкан Куляб шаарындагы жаштардын тобу өлкө жетекчилигине кайрылып, Ооганстандын Панжшер провинциясындагы талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылына кошулууга уруксат сурады. Алардын бул кайрылуусу социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.

Маалыматка караганда, айтылуу талаа командири Ахмад Шах Масуддун уулу жетектеп жаткан каршылык көрсөтүү кыймылына кошулуу үчүн Панжшерге барууну каалаган жаштардын саны 2 миңден ашык.

Азырынча Тажикстандын бийлиги кулябдык жаштардын бул кайрылуусуна эч кандай реакция жасай элек.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты жана Демократиялык партиянын төрагасы Саиджафар Усмонзода "ыктыярчылардын" бул өтүнүчү жоопсуз калат деген пикирде.

"Алар өз алдынча мамлекеттик чек арадан өтүп кете алышпайт — бул кылмыш болуп эсептелет. Алар ооган бийлиги расмий түрдө Душанбеден аскердик жардам сураса гана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулуп, Ооганстанга бара алышат. Башка жолу жок", — деди депутат.

20-августта Тажикстандын демократиялык партиясы Ооганстанда болуп жаткан окуяларды "талибдердин өлкөнүн пуштун эмес калкына карата жасап жаткан геноциди" деп атап, тажик бийлигин "Талибанга" "колдоо көрсөтүп жаткан" өлкөлөрдүн элчиликтерин жабууга чакырган.

Кулябдык "ыктыярчылардын" кайрылуусу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейшинин жолугушусунун алдында жарыяланган. Анда Рахмон Ооганстанда бардык аз улут өкүлдөрүнүн, өзгөчө өлкө калкынын 46% түзгөн жергиликтүү тажиктердин катышуусунда инклюзивдүү өкмөт түзүү зарылдыгы тууралуу айткан.

XS
SM
MD
LG