Ссылки доступа

Жабылдагы жарылуудан каза болгондордун саны 14кө жетти (видео)


Жамбыл облусунун Байзак районундагы курал-жарак кампасында жарылуу болгон жерден дагы бир кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу 29-августта Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Сөөктү Коргоо министрлигинин саперлору тапкан, учурда анын ким экени такталууда.

Кампадагы жарылуу менен өрттүн кесепетинен каза тапкандардын саны муну менен 14 кишиге жетти. Алардын арасында, ӨКМ, аскердик бөлүк жана аскердик күзөт менен аскердик прокуратуранын кызматкерлери бар. Үч кишинин ким экени аныктала элек. Мындан бөлөк дагы эки адам дайынсыз болууда.

26-августта кечки саат жетилерде Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскер бөлүгүндө катуу жарылуу болуп, өрт чыккан. Анын кесепетинен 100гө чукул аскер кызматкери жаракат алган. Жабырлануучулардын арасында карапайым жашоочулар жок.

Расмий маалымат боюнча Тараз шаардык ооруканасында 28 киши дарыланууда.

Кампадагы жарылуудан кийин ага жакын үч айылдын тургундары убактылуу көчүрүлгөн. Учурда алар үйлөрүнө кайтышууда.

Кырсыктан 106 турак жай, 12 коммерциялык объект жана үч мектептин имараты зыянга учураган. Бийлик үйлөрдү эки ай аралыгында калыбына келтирүүгө убада берүүдө.

Үчбулак жана Базарбай айылдарындагы эки мектеп демөөрчүлөрдүн эсебинен оңдолот, Жибек Жолу айлындагы мектеп калыбына келтирилбейт, эски имараттын ордуна жаңысы курулат.

Казакстандын коргоо министри Нурлан Эрмекбаев жарылууга кампада коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы, химиялык реакция же диверсия себеп болушу мүмкүн экенин айтты. Министрлик ал жерде 2019-жылы Арыста жарылуу болгон кампадан алынып келинген ок-дарылар сакталганын тастыктады.

2019-жылы 24-июнда Арыста курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, төрт адам каза таап, ондогон киши ооруканага жактырылган.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG