"Акыркы айларда полиция мигранттарга карата бир нече катаал рейддерди жүргүздү. Натыйжада түрдүү мыйзамсыздыктарга байланыштуу 800 кылмыш иши козголуп, 200гө чамалуу адам депортацияланды. 17,5 миң адамга өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салынды. Москва - меймандос шаар, бирок коноктор да өздөрүн ошого жараша алып жүрүшү керек".
Собянин көпчүлүк мигранттар мыйзам бузбай, оор иштерде иштесе да каттоого туруп пантент алышарын да белгилеген.
Акыркы айларда Москвада мигранттардын ич ара кагылышуулары көп катталган. Алардын эң ириси - июль айында Кузьминкиде болгон. Анда кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши кармалган.
Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 70тен ашыгы Кыргызстандын жарандары. Кузьминки окуясынан кийин 26 кыргызстандык Орусияга 40 жылга чейин кире албай турган болуп депортацияланган.