Ссылки доступа

Тажикстанда камактагы 16 миң кишиге ырайым берилет


Тажикстанда 2019-жылы мунапыс менен 7 миң киши эркиндикке чыккан

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Мунапыс тууралуу" мыйзам долбоорун өлкө парламентинин төмөнкү палатасынын кароосуна алып чыкты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мунапыс 9-сентябрда белгилене турган Тажикстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналат. Ага ылайык, камактагы 16 кишиге ырайым берилет. Алардын 10 700үн кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, эркиндикке чыгаруу каралууда. Мындан тышкары дагы 5300 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.

"Ырайым берүүдө аялдарга, жашы жете электерге, 55 жаштан ашкандарга, майыптарга, оорусу күчөп кеткендерге, мамлекеттик сыйлыктары барларга, согуштардын катышуучуларына жана чет өлкөлүк жарандарга артыкчылык берилет", — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Тажикстанда "Мунапыс тууралуу" акыркы мыйзам 2019-жылы өлкө Конституциясынын 25 жылдыгына карата кабыл алынып, абактагы 7 миң киши эркиндикке чыгарылган.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, Тажикстандын сот системасы репрессивдүү мүнөзгө ээ болгондуктан, көпчүлүк учурларда майда кылмыш кылгандар узак мөөнөттөргө соттолот. Мындан улам абактар тез толуп калып, аларды бошотуу үчүн бийлик мунапыс жарыялап келет.

Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстанда 19 түрмө бар.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG