Ссылки доступа

Түркмөнстанда пахта терүүдө жарандарды мажбурлап иштетүү уланууда


Түркмөнстандагы пахта талаасы
Түркмөнстандагы пахта талаасы

Түркмөнстанда пахта терүү өнөктүгү башталып, ага бюджетте иштеген кызматкерлер, мектеп окуучулары жана милдеттүү түрдө аскер кызматына чакырылган жоокерлер тартылууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Лебап облусунун борбору эсептелген Түркмөнабад шаарындагы кесиптик жана орто билим берүү мекемелеринин окуучулары мажбурлап пахта терүүгө чыгарылды.

"Бир катар райондордо пахтага чыккандар талаада түнөп иштеп жатышат. Аларга бир килограмм пахта үчүн 20 теңгеден төлөнүүдө", — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Мары облусунда пахта талаасына барууну каалабаган бюджет кызматкерлери өздөрүнүн ордуна башка адамдарды жалдоого мажбурланууда.

"Пахта терүүгө барбагандар өзүнүн ордуна башка адамдарды жалдап, аларга 20-30 манаттан төлөп жатышат. Ошол эле маалда алар өз жумуш орундарында иштеши керек болууда", — деди Марыдагы мамлекеттик мекемелердин биринде иштеген тургун.

Ал ортодо Goza Towels аттуу жеке компания былтыр АКШнын Эмгек министрлигине кайрылып, түркмөн пахтасын балдардын жана мажбурланган адамдардын эмгеги пайдаланылган товарлардын тизмесинен чыгарууну өтүнгөн. Анын кайрылуусунда Түркмөнстанда мажбурлап иштетүүгө мыйзам менен тыюу салынганы жана мындай тажрыйба токтотулганы жазылган. Бул компания 2018-жылга чейин америкалык онлайн аянтчалар аркылуу түркмөн пахтасынан жасалган кездемелерди сатып келген.

2018-жылы май айында АКШнын Чек ара жана бажы кызматы Түркмөнстанда өндүрүлгөн пахтаны, ошондой эле түркмөн пахтасынан жасалган товарларды өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары пахта терүүдө жарандарын мажбурлап иштеткени үчүн Түркмөнстанды сындап келишет. 2021-жылдын августунан тартып дүйнөлүк 138 бренд эл аралык өнөктүккө кошулуп, товарларды өндүрүүдө түркмөн пахтасын колдонбоо тууралуу милдеттенмелерге кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG