Ссылки доступа

Казакстандагы ооган студенттери мекенине кайтуудан коркууда (видео)


Казакстандагы жогорку окуу жайларды аяктаган ооган студенттери мекенине кайтуудан кооптонуп жатышат. Алар казак бийлигинен жарандык же жашап турууга укук берүүнү сурашууда.

Бул арада студенттердин көбүнүн виза мөөнөтү аягына чыгууда.

Барна Каргар Ооганстанда туулуп өскөн. Беш жыл мурун мектепти бүтүргөн соң Казакстандагы университеттердин бирине тапшырган. Окууну аяктагандан кийин үйүнө кайтып, жумушка орношууну пландап жаткан. Бирок талибдердин келиши менен Барнанын жашоого болгон планы өзгөрүүдө.

"Мен өзүм жана үй-бүлөм үчүн кооптонуп жатам. Эгер Казакстан депортация кылса, кайда барабыз? Эгер артка кайтсак, биринчи кезекте аэропортко келип түшөбүз, ал жерди талибдер толугу менен басып алган. Эгер алар биздин кыз экенибизди, чек өлкөдө окуганыбызды билишсе, атып ташташат", – деди Барна Каргар.

Барнанын 27 жаштагы замандашын да ушундай эле маселелер кооптондурууда. Ал жүзүн көрсөтүп, атын атагысы келбейт. Ооганстанга кайтуу өзүн-өзү өлтүрүүгө барабар деп эсептейт.

"Дээрлик миңдей студент гранттык негизде университеттерди аяктоо үчүн Ооганстандан бул жакка келишкен. Алардын 90 пайызга жакыны Ооганстанга кайткан жана иштеп жатышат. Бирок он пайызга чукулу окууну улантуу үчүн калып калышкан. Ооганстанга кеткендердин да, бул жакта калгандардын да өмүрү коркунучта", – деп белгиледи ал.

Өкмөттөр аралык келишимге ылайык, ооган жаштарына Казакстандагы жогорку окуу жайларда билим алууга мүмкүндүк берилген. Учурда бул өлкөдө жүздөн ашуун студент бар. Алардын бир бөлүгү казак жарандыгын алуу үчүн арыз тапшырды.

Казакстандын миграция кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

Афганские студенты в Казахстане боятся возвращаться на родину
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00
XS
SM
MD
LG