Ссылки доступа

Жапаров: кыргыз-тажик чек арасынын 50% ашыгы такталды


Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 50% ашык жери макулдашылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-августта, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

"Тажикстан менен сүйлөшүүлөр активдешип, мамлекеттик чек аранын жалпы узундугунун 50% ашык жери боюнча макулдашылды. Тажикстан менен чек ара маселесинин жыйынтыгын чыгарыш үчүн кыргыз-тажик өкмөттөрү саясий чечим кабыл алып, бири-бирин сыйлоо жана урматтоо принцибинин негизинде сүйлөшүүлөрдү улантышыбыз зарыл", - деди Жапаров.

Иш-чарага чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчилери катышты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтор эки өлкөдө алмак-салмак жолугушууларды өткөрүүдө. Акыркы жолугушуу Дүйшөмбү шаарында 4-9-август күндөрү өттү.

Буга чейин акыркы үч айда Кыргызстан менен Тажикстандын тактала элек чек арасынан 40 чакырымы боюнча жумушчу топ орток пикирге келип, кол коюлганы маалымдалган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай, анын 519 чакырымы такталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

XS
SM
MD
LG