Ссылки доступа

Өзбекстанда камактагы аялды зордуктоого шектелген изолятордун жетекчисине кылмыш иши козголду


Өзбекстандын Жизак облусунда убактылуу кармоочу жайдагы аялды зордуктоого шектелген изолятордун жетекчиси иштен алынып, ага каршы кылмыш иши козголду.

Маалыматка караганда, зордукталганын айтып чыккан Зомин районунун тургуну быйыл июнда "алдамчылыкка" шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн материалдарында ал 21-июнда түнкү саат 11де изолятордун башчысына жеткирилгени жазылган. Жабырлануучунун көрсөтмөсүнө ылайык, мекеме жетекчиси аны иш бөлмөсүнө алып кирип, колун байлап, сегиз күн катары менен зордуктаган.

"Ал киши иш бөлмөсүн ичинен бекитип, колумду бекем байлады. Тергөөчү жана прокурордун жардамчысы менен мамилеси жакшы экенин айтып, кыйкырсам дагы жаза мөөнөтүн коштуруп коем деп коркутту. Андан соң бир нече күн зордуктады. Изолятордо жүргөндө коркконуман бул жөнүндө айта алган эмесмин", — деп жазылган жабырлануучунун көрсөтмөсүндө.

Аял Ховос районундагы тергөө абагына которулгандан кийин убактылуу кармоочу жайдын башчысына каршы доо арыз жазып, кыйноого алынып, зордукталганын билдирген.

Булактардын айтымында, жабырлануучу даттангандан кийин убактылуу кармоочу жайдын башчысына каршы "Кызмат абалын кыянат пайдалануу" жана "Жаза аткаруу боюнча мекеме жетекчилигинин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Зордукталган аялдын атасы алар шектүүгө карата "Зордуктоо" беренеси боюнча да кылмыш ишин козгоону талап кылып жатышканын билдирди.

Зомин райондук прокуратурасынан аялдын зордукталышы фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

Ал ортодо убактылуу кармоочу жайдын зордуктоого шектелип жаткан башчысы иштен алынып, анын ордуна жаңы жетекчи дайындалганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG