Ссылки доступа

Рахмон дүйнө коомчулугун Ооганстандагы абалды турукташтырууга жардам берүүгө чакырды


Ооганстанда абал курчуп турган шартта дүйнөлүк державалар четте карап турбашы керек, болбосо өлкө узакка созулган жарандык согушка кептелиши мүмкүн. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 30-августта Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас менен жолукканда билдирди.

Тажик президенти Ооганстандагы абалды турукташтыруунун факторлорунун бири — өлкөдөгү бардык этникалык топтордун өкүлдөрүнүн катышуусунда инклюзивдүү өкмөт түзүү экенин белгиледи. Рахмон мындай пикирин буга чейин Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши менен жолукканда да айткан.

Тажик президентинин пикиринде, Ооганстандын инклюзивдик өкмөтү БУУнун камкордугу алдында түзүлүшү керек.

Рахмон мындан тышкары дүйнө мамлекеттерин Ооганстандагы экономикалык жана социалдык каатчылыкты эске алуу менен өлкө калкына бардык тараптан жана максатуу түрдө жардам берүүгө чакырды.

Өз кезегинде Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана ачык өкмөт түзүү аркылуу абалды турукташтырууга жардам бере турганын айтты.

Тараптар мындан тышкары тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн Германиянын жана эл аралык коомчулуктун жардам берүүсүнө байланышкан маселени талкуулашты.

Буга чейин Хайко Маас журналисттерге Ооганстандагы абалды талкуулоо үчүн Тажикстанга, Өзбекстанга, Пакистанга, Түркияга жана Катарга бара турганын билдирген.

30-августта Маас Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугуп, Ооганстандагы абалды талкуулаган.

Буга чейин Анкарага барган Германиянын тышкы иштер министри Берлин Ооганстанга коңшулаш жайгашкан өлкөлөргө гуманитардык жардам бере турганын билдирген.

Эми Маас иш сапарынын алкагында Пакистандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Талибан" кыймылынын Катардагы өкүлдөрү менен жолугат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG