Ссылки доступа

МАГАТЭ: Түндүк Корея өзөктүк курал үчүн кайрадан плутоний өндүрө баштаган болушу мүмкүн


Түндүк Корея өзөктүк курал үчүн плутоний өндүрө турган Йонбендеги реакторунун ишин кайра жандандырган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук коопсуздук боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) жылдык баяндамасында жазылган.

Пхеньян 2009-жылы эл аралык инспекторлорду өлкөдөн чыгаргандан кийин МАГАТЭ Түндүк Кореянын өзөктүк ишмердүүлүгүн түздөн-түз көзөмөлдөй албай калган. Азыр агенттик өлкөдөгү өзөктүк куралга байланышкан абалга негизинен спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу байкоо салып турат.

"2018-жылдын декабрынан 2021-жылдын июль айынын башына чейин реактордун иштеп жаткандыгынын эч кандай белгиси жок болчу. Азыр 5 МВт кубаттуулуктагы реактордон муздатылган суунун чыгып жатканы байкалууда”, — деп жазылган баяндамада.

Мындан тышкары МАГАТЭнин жаңы баяндамасында Пхунсандагы уран кендери менен байытуу фабрикасынын иши да калыбына келтирилгендигинин белгилери байкалганы маалымдалган.

Өзөктүк программасынан улам Түндүк Кореяга масштабдуу эл аралык санкциялар салынган. Вашингтон Пхеньян толук денуклеаризацияга барганга чейин чектөөлөрдү алуудан баш тартып келет.

2018-жылы сентябрда Пхеньянда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамп жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Түндүк Корея Йонбендеги реакторду демонтаж кылууну убадалаган.

XS
SM
MD
LG