Ссылки доступа

Бердымухамедов ооган качкындарын кабыл алуудан баш тартты


Ооганстандык качкын балдар
Ооганстандык качкын балдар

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ооганстандык качкындар өлкөгө киргизилбей турганын расмий түрдө ырастады. Бул тууралуу ал 29-августта Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтты.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги жазгандай, өз сөзүндө Бердымухамедов азыркыдай жеңил эмес эпидемиологиялык шартта качкындарды кабыл алуу боюнча туура чечимдер болушу керектигин белгиледи. "Азыр адам өмүрү үчүн кооптуу болуп жаткан коронавирус инфекциясынын масштабдуу жайылуу тобокелдигин эске алуу зарыл", — деди президент.

Ошол эле маалда түркмөн бийлиги акыркы кездери өлкөдө коронавирустун “Дельта-штаммы” менен ооругандар жана андан каза болгондор кескин көбөйгөнү боюнча эч кандай маалымат бербей, пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 жуктурган бир да учур катталбаганын билдирип келет.

Телефондук сүйлөшүүдө Бердымухамедов ошондой эле Түркмөнстандын Ооганстан боюнча позициясынын үч бөлүгүн баса белгиледи:

  • Түркмөнстан Ооганстандагы абалды саясий-дипломатиялык ыкмалар жана тынчтык жолу менен гана жөнгө салууну колдойт;
  • Экономикалык жактан Түркмөнстан ири инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде ТАПИ газ түтүгүн куруу, Ооганстан аркылуу Пакистанга электр линияларын тартуу, ошондой эле Ооганстан менен Түркмөнстанды бириктире турган темир жолду курууга байланышкан иштерди улантуу зарылдыгын белгилейт;
  • Түркмөнстан азыркы тынчтык орнотуу процесстерине көмөктөшүү үчүн Ооганстанга туруктуу түрдө гуманитардык жардам берүүнү улантат.

Мындан тышкары Бердымухамедов түркмөн-ооган чек ара тилкелериндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттер кадимки режимде иштеп жатканын, Ооганстандын Мазари-Шариф менен Гераттагы консулдуктары ишин токтотпогонун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG