Буга чейин Reuters агенттиги Өзбекстанга барган Германиянын тышкы иштер министри Хайко Мааска шилтеме кылып, Ташкент Ооганстандагы талибдердин запкысынан коркуп, өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөгөн Германиянын тизмесинде турган жарандарга чек арасын ачууга даяр экенин кабарлаган.
"Коопсуздукту камсыз кылуу максатында учурда өзбек-ооган чек арасы толук жабык. Жакынкы убакта эки өлкөнүн чек арасындагы "Термез" көзөмөл-өткөрмө бекетин ачуу планы жок", — деп жазылган Өзбекстан ТИМинин билдирүүсүндө.
Мекеме кандай себеп экенине карабастан, өлкө чек арасынан өтүү аракеттеринин баары Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык токтотуларын белгиледи.
Акыркы 12 күндүн ичинде Өзбекстан Ооганстандагы өз жарандарын эвакуациялоо боюнча бир катар өлкөнүн гуманитардык операцияларына жардам берип келет. Эвакуацияланган чет өлкөлүктөр алгач Өзбекстандын аймагына жеткирилип, андан соң өз өлкөлөрүнө жөнөтүлүүдө.